Кыргызча

Рыспай абдыкадыров эмес экен…

Азаттыктын сайтында жаңылыктарды окуп жатып, кызыктуу маалыматтар дегенде Каримовдун мигранттар жөнүндө айткан сөздөрү жөнүндө макала видеосу менен бар экенин көрүп, шилтеме боюнча өттүм (Атадымча мен шилтемени жаңы баркачада ачам, ал үчүн чычкандын ортоңку баскычын басам) артынан эле «Кымыз жыттанган америкалыктар» (аудио) макаланы көрүп, аны да жаңы баракчада ачып койдум, артынан Каримовдун видеосун көргөнү баракчага өттүм, макаланы окубастан эле дароо видеону ойнотуу үчүн баскычты бастым, Каримов сүйлөп баштады, абирок анын артындагы (фондогу) ойноп жаткан музыка аябай тааныш учурады. Жакшылап тыңшасам биздин «Жамгыр төктү» аттуу композиция, аябай таң калдым, биринчи ой: «Каримов Чайханада отурат, а чайханада болсо өзбектер өз тилине которуп алган «Жамгыр төктү» композициясы жаәырып турат» — деген болду. Каримовдун сөзүн угуу менен бирге музфканы да угуп жаттым. Бир убакта ыр башталды, бирок мен күткөндө «ёмгир» эмей эле «Жамгыр төктү» деп эле башталды, бирок ырдап жаткандын акценти байкалып турду, таң калычым ого бетер күчөдү. Элестетсеңиз, ойумда: «Өзбекистандын чайханасында, өзбектер кыргыз композициясын өзбек тилинде эмес, кыргыз тилинде ырдап жатышат, болгондо да Каримов ал жерде отурган учурда» — деп ойлонуп жаттым. Бирок мындай мүмкүн эместигин түшүнүп эле турам. Каримовдун видеосун токтотсом музыка токтободу, көрсө баягы «Кымыз жыттанган америкалыктар» Жамгыр төктүрүп жатышкан экен. Аудио болсо автоойноо (автозапускта) экен, мен баракчаны ачканда ал автоматтык түрдө ойноп баштаптыр, а мен болсо ал учурда Каримовдун видеосун да баштап коюпмун. Мына ушинтип кичине убакытка таң калып да алдым ))))

Опубликовано amanturkg в From FB, Кыргызча, 0 комментариев

Сагынамын ар бир күндө,
Сагынамын ар түндө.
Ар бир секунд чет өлкөдө,
Тете болду миң күнгө.

Сагынамын мекенимди!
Сагынамын жеримди!
Сагынамын ар дайым мен,
Айкөл кыргыз элимди!

Сагынамын, сагынганда, кызыл жүрөк эзилди.
Сагынамын, эстеп ыйлап, өтүп кеткен кезимди.
Сагынамын, жүрөк толкуйт, ыраазымын Аллага,
Жүрөгүмө орнотконго, сагынычтай сезимди.

Сагынамын кыргыз элим, токойуңду, сууңду,
Сагынамын, көз мелтиреп, кекиртегим буулду.
Көкүрөккө бекем кысып, жыттап жүрөк эзилет,
Алтын күндөн, кырк нур чачкан, кызыл түстүү тууңду!! !

Бираз калды, мен кайтамын, терең жутуп абаңды!
Өзүң менен, тең көтөрөм, жүктөрүңдү, саанааңды!
Кубанамын жакшылыкка, тең бөлүшүп жаманды,
Кемчиликти баттан жойуп, алга таштай кадамды…

Опубликовано amanturkg в From FB, Лирика, 0 комментариев

Койчу доске, издебечи, сагынбоонун ыкмасын
Ар бир атуул, өз элинен кайсыл жакка чыкпасын
Канчалаган ырахатка,байлыктарга батпасын,
Сагынат го, жүрөгү бар, ойноп жүргөн бакчасын.

Сагынууу! !! Кандай сезим? Сагынуу, бул белек
Бөтөн жерде жүргөндөргө, ушул сезим көөп керек
Сагынбаса эгер адам, жашап, өскөн мекенин
Анда билгин, ал адамдын, накта маңкурт экенин

Киндик каның тамган жерди, сагынуу бул керемет
Сапардагы адамдарга, мындан башка не керек
Башка жакта жүргөндөр, сагынгбаса мекенди
Чыгып кетип өз элинен, кайра кайтып келеби?

Опубликовано amanturkg в From FB, Лирика, 0 комментариев

Жүрөгүмө муң толтурат, ар бир айткан сөздөрүң
Нөшөрлөтүп жаш агызып, ыйлап турат көздөрүм
Таштап кетсе, баш тартышып, кыргыздарым өлкөсүн
Мына ушу, тирүү туруп кыяматты көргөнүм

Оор турмуштун айынан канчалары запа чегип
Чет жактарда иштеп жүрөт, үйбүлөөсүн таштап кетип
Боорум ооруйт кыргызымдын кор болгонун көргөндө
Бөтөн элдер шылдың кылып «каралар» деп бөлгөндө

Бул кандай калк!? Аайткылачы! !! Баарын мээсиз деп билген.
Туура жолду сурап барсаң ката жолго кетирген
Кош бойлууга орун берип жардам кылуу ордуна
Шылдың кылып, каткырышып, бой көтөрүп керилген!

Жеген нанды тебелешип, берекени качырган
Тамак аштан кымбат турган, чылымдарды тартышкан
Бул жашоодо өмүр сүрүп гүлбак куруу ордуна
Билбей туруп өздөрүнө терең, терең көр казган.

Турмуш экен, тиричилик, мен да жүрөм чет жакта
Жашоо мыкты болсо дагы жүргөндөймүн абакта
Көкүрөктө турган жүрөк, жана бүтүн ойлорум
Кыргызстан деп аталган, бейиш сымал ГҮЛБАКТА

Өкүнөмүн ар бир күнгө, бөтөн жерде өткөргөн
Сагынамын, куттуу жерим токойлорду көгөргөн
Кыргызымдай, бийик турган, теңдеши жок дүйнөдө
Тоолоруңду чокусунан узактарды көргөзгөн…

Опубликовано amanturkg в From FB, Лирика, 0 комментариев