Месяц: Ноябрь 2010

Жүрөгүмө муң толтурат, ар бир айткан сөздөрүң
Нөшөрлөтүп жаш агызып, ыйлап турат көздөрүм
Таштап кетсе, баш тартышып, кыргыздарым өлкөсүн
Мына ушу, тирүү туруп кыяматты көргөнүм

Оор турмуштун айынан канчалары запа чегип
Чет жактарда иштеп жүрөт, үйбүлөөсүн таштап кетип
Боорум ооруйт кыргызымдын кор болгонун көргөндө
Бөтөн элдер шылдың кылып «каралар» деп бөлгөндө

Бул кандай калк!? Аайткылачы! !! Баарын мээсиз деп билген.
Туура жолду сурап барсаң ката жолго кетирген
Кош бойлууга орун берип жардам кылуу ордуна
Шылдың кылып, каткырышып, бой көтөрүп керилген!

Жеген нанды тебелешип, берекени качырган
Тамак аштан кымбат турган, чылымдарды тартышкан
Бул жашоодо өмүр сүрүп гүлбак куруу ордуна
Билбей туруп өздөрүнө терең, терең көр казган.

Турмуш экен, тиричилик, мен да жүрөм чет жакта
Жашоо мыкты болсо дагы жүргөндөймүн абакта
Көкүрөктө турган жүрөк, жана бүтүн ойлорум
Кыргызстан деп аталган, бейиш сымал ГҮЛБАКТА

Өкүнөмүн ар бир күнгө, бөтөн жерде өткөргөн
Сагынамын, куттуу жерим токойлорду көгөргөн
Кыргызымдай, бийик турган, теңдеши жок дүйнөдө
Тоолоруңду чокусунан узактарды көргөзгөн…

Опубликовано amanturkg в From FB, Лирика, 0 комментариев